• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Олег Панкратов: “ЕАЭБге кирүү менен биз дүйнөлүк соодада өз ордубузду табуу мүмкүндүгүн камсыздадык”

Экономика 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. «Биз глобалдык соода шакекчесин уюштуруудан четте калбастан, ЕАЭБге кирүү менен дүйнөлүк соодада өз ордубузду табуу мүмкүндүгүн камсыздадык», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 15-февралда, «ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер» Эл аралык форумунда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Олег Панкратов белгилегендей, кандайдыр-бир интеграциялык бирикмелерге кирбеген өлкөгө бир нече бириккен мамлекеттердин экономикалык жана саясый кубатына каршы турган «жалгыз-аутсайдер» болууга туура келет.

«Бул абалды түшүнүү аркылуу ЕАЭБге кошулуу тууралуу чечим кабыл алууга түрткү болгон. Мындан тышкары, биздин республиканын географиялык жактан жайгашуусун эске алуу менен интеграциялык бирикмелердин башка альтернативасы биз үчүн ишке ашырууга татаалдык жаратат. Дүйнөдөгү бардык ири жана ийгиликтүү интеграциялык бирикмелер алардын катышуучуларынын географиялык жакындыгынан башталган (ЕС, НАФТА, МЕРКОСУР), – деди вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов белгилегендей, ири интеграциялык бирикменин курамына кирген мамлекет ири сатуу рыногуна жеткиликтүүлүк алуу менен бирге экономикалык ийкемдикке жана мобилдүүлүккө ээ боло алат.

Натыйжада, мамлекеттер өз алдынча аракеттенүүсү аздык кылат, анын айрым аракети өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого, жалпы улуттук коопсуздукту камсыздоого жетишсиз.

«Улуттук деңгээлге салыштырмалуу, аймактык уюмдар алкагында мамлекеттин өз кызыкчылыгын ишке ашырууга мүмкүндүгү чоң болот. Мындай мүмкүндүктү биздин мамлекет ЕАЭБге кирүү аркылуу өз учурунда колдоно алды», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Олег Панкратов ЕАЭБ мүчө болууда Өкмөттүн негизги милдети өлкөбүз ээлеп турган рынокту ошол абалда сактап туруу болгонун өзгөчө белгиледи.

«Бажы биримдиги түзүлгөн учурдан тартып, Кыргызстан үчүн азыркы сатык рынокторунда бажы-тарифтик тоскоолдуктардын гана эмес, техникалык тоскоолдуктардын саны көп болгондуктан, ошол кездеги рыногун жоготуп алуу боюнча реалдуу коркунучтар пайда болгон», – деди Олег Панкратов.

Ал Бажы биримдигине кирүүгө карата даярдык көрүү иштеринин жүрүшүндө үч сценарийдин: базалык, жакындаштырылган жана оптимисттик багыттагы 10 ашык иликтөөлөр өткөрүлгөндүгүн кошумчалады.

«Базалык сценарийде Кыргызстада ИДП өсүүсү 2016-жылга Кумтөрдү эске албаганда – 2,5% деңгээлинде, жакындаштырылган сценарий боюнча өнүгүү – 1,3% жана оптимисттик багыттагы сценарий боюнча 3.7% божомолдонгон. Бүгүн биздин экономикабызда өсүү темпи 3,8% түзүп, оптимисттик божомолго жакын болгонун көрүп турабыз. Аны менен катар, эгерде ЕАЭБ кирбеген учурда азыркыдай татаал экономикалык шарт менен ИДП көлөмү 0,1% ашпай турганына да негиз бар», – деди вице-премьер-министр.

Олег Панкратов белгилегендей Өкмөт тарабынан сүйлөшүүлөрдүн алкагында гана эмес, өлкөнү дүйнөлүк соода процесттерине даярдоодо – инфраструктуранын сапатын, акредитация системасын жана сертификация, либералдуу салык жана валюталык мыйзамдуулукту, экспортко багытталган ишканаларга шарт түзүү, соода тейлөө үчүн либералдык рынок системасын түзүү багытында бир топ иштер аткарылды.

«Бүгүн бул факты атамекендик экспортерлор ЕАЭБ өлкөлөрүнө өнөр жай жана өсүмдүк багытындагы өз товарларын тоскоолдуксуз эркин экспорттоп жаткандыгы менен далилденет», – деди вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий