• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Онлайн университети: "Санариптик тарбия" аттуу вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Онлайн университети платформасынын Балдар жана ата-эне лабораториясы 17-июнда саат 15:00дө "Санариптик тарбия" аттуу вебинар өткөрөт.

Вебинарда ата-энелер санариптик тарбиялоо чечимдерин кабыл алуудагы, санариптик тарбиялоодогу үч негизги мамиле жөнүндө тажрыйбалар менен бөлүшөт.

Вебинардын спикери PhD, Онлайн университеттин демилгечи тобунун мүчөсү, медиа эксперт Элира Турдубаева болот.

Эске салсак, Онлайн университеттин Онлайн окутуу усулдары лабораториясы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына онлайн сабак өтүү жана сынактарды уюштуруу боюнча бир катар вебинарларды акысыз өткөрүп, жаңы усулдарды үйрөтүп келет.

Вебинардын шилтемеси

Конференциянын идентификатору: 941 1587 9478

Паролу: 670209

Пикир

Оставить комментарий