• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орозо айт намазы Бишкектеги Эски аянтта окулат. Иш-чаранын программасы

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Орозо айт намазы 21-апрель, жума күнү Бишкектеги Эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:00дө башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Айт намаздын программасы:

Саат 06:00-07:00дө – Дин аалымдарынын баяндамасы;
Саат 07:00-07:30дө – Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
Саат 07:30дө – Айт намаз.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 2-майында эски аянтта айт намазга президент Садыр Жапаров катышкан. Ошондой эле майрамдык айт намаз миңдеген кыргызстандыктардын катышуусунда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий