• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда Шуша шаарынын күндөрүнө арналган иш-чаралар өттү

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Өзбекстанда 10-12-апрель күндөрү Азербайжандын Шуша шаарынын күндөрүнө арналган иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында шаардын маданияты, адабияты, искусствосу жана тарыхы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, фотосүрөттөр жана китептер көргөзмөсү, "Карабах" улуттук кийимдер коллекциясынын презентациясы, түрк өлкөлөрүнүн аткаруучулары тарабынан сунушталган "жети сулуу" музыкалык тобунун концерти, көркөм-поэтикалык композицияларды жана концерттерди уюштуруу, ошондой эле Хуршидбану Натавандын өзбек тилине которулган чыгармаларынын бет ачары болуп өттү.

Өзбекстанда өткөрүлгөн иш-чараларга Өзбекстандын маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева, Азербайжандын Өзбекстандагы элчиси Гусейн Гулиев, ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сурея Эр, Өзбекстандын маданий мурастар агенттигинин башчысы Баходир Абдукаримов, депутаттар, Ташкентте аккредитацияланган түрк өлкөлөрүнүн элчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева Түрк дүйнөсүнүн улуу уулу Гейдар Алиевдин ысымын алып жүргөн Азербайжан маданий борборунда "Шуша шаарынын күндөрүнүн" ачылыш аземин өткөрүүнү тарыхый окуя деп атады.

Ал белгилегендей, Шуша шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланганына байланыштуу ал жетектеген уюм дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө "Шуша шаарынын күндөрүн" өткөрүү каралган. Долбоордун биринчи иш-чарасы былтыр Түркиянын Бурса шаарында өткөнүн, быйыл Өзбекстанда уланып жатканын белгиледи.

Иш-чара Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун колдоосу астында, Гейдар Алиев атындагы Азербайжан маданият борбору менен биргеликте өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Шуша шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий