• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Чек-Абад айылындагы жаңы мектептин курулушу 75 пайызга аяктады

Аймак 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районундагы №23 А. Тургунова атындагы 225 окуучуга эсептелген жаңы мектептин курулушу 75 пайызга даяр болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан 1-кабаттын жасалгалоо иштери аяктаган, спорт залынын чатырын жана жылытуу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 2-кабаттын ички жасалгасы жана актовый залдын полду пландаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул объекттин курулушу Сауд Өнүктүрүү Фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен каржыланат, анын сметалык наркы 988 миң 180 АКШ долларын түзөт.

Курулуш иштеринин башынан баштап 444 миң 681 АКШ доллар каржыланган.

Объекттин аяктоо иштери 2021-жылы пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий