• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош: Мал базарлардын иштөөсүнө уруксат бериле элек

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Ош облусунда мал базарлардын иштөөсүнө уруксат бериле элек. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев маалымдады.

Анын билдирүүсүндө, өкмөт алыскы тоолуу райондордо мал базарлардын иштөөсүнө уруксат берген, бирок Ош облусунда мал базарлар иштей элек.

"Ошто чоң мал базарлар - Өзгөндө, Кара-Сууда, Учкунда, Ноокатта, Гүлчөдө бар. Биз азырынча алардын иштөөсүнө уруксат бере элекпиз. Анткени райондор аралык каттамдар жабык. Ошто эт жагынан да эч кандай тартыштык болгон жок. Бир-эки жуманын ичинде бул маселе боюнча чечим кабыл алабыз", - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылган.

Пикир

Оставить комментарий