• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош: Мектеп мугалимдери үчүн курс өтүлүүдө

Билим 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү тарабынан, аймактардагы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, тарбиячылары жана мектептердеги тарыхчы мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча атайын курстар уюштурулуп, өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

Семинар планга ылайык үстүбүздөгү жылдын 15-январынан 26-январга чейин уланып, катышуучуларга тиешелүү адистер тарабынан кесиптерине жараша окутуунун, тарбиялоонун түрдүү усулдарын колдонуу ыкмалары жана психологиялык тараптан да билим алышып, жыйынтыгында уюштуруу тобу тарабынан квалификациялык атайын сертификат тапшырылат.

Аталган курска Ош шаарынан жана Чоң-Алай, Ала-Бука райондорунан мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары жана тарых адистиги боюнча Лейлек, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунан бир топ мектеп мугалимдери катышып, алага Бишкек шаарындагы И. Арабаев университетинен, Кыргыз билим берүү академиясынан, Ош мамлекеттик университетинен жана ОГПИден тиешелүү адистиктер боюнча илимий даражалуу профессорлор, билим берүүнүн мыктылары сабак өтүшүүдө.

Эскерте кетсек, институттун алдында түзүлгөн “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү тарабынан мектептерде жана бала-бакчаларда кесиптик чеберчиликти жана заманбап сабактардын үлгүлөрүн жаңы технологиялардын жардамы менен көрсөтүүнү жогорулатуу максатында усулдук жардам катары үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп, жер-жерлерде да семинарлар уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий