• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош: Мэрия ЮНИСЕФ менен биргеликте балдарга ар тараптан колдоо боюнча беш долбоорлор ишке ашырат

Аймак 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 17-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө балдарга толук кандуу үй-бүлө чөйрөсүн түзүү, үй- бүлөлүк зордук- зомбулукка жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери үчүн ар тараптан көмөк көрсөтүүчү ошондой эле, балдарды үй- бүлөөдөн ажырап калуусун алдын алуу жана кабыл алуучу үй- бүлөөлөрдү (фостердик) түзүүгө даярдоо боюнча борбор ачуу, ымыракай менен эненин ден соолугуна кам көрүү, улуттардын ынтымагын чыңдоо багытында сүлөшүштү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында жаралган маселелерди чечүүдө көмөкчү болуп жатканына ыраазычылык билдирди.

“Биз ЮНИСЕФ менен көп жылдан бери тыгыз кызматташып, түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келе жатабыз. 2017-жылы шаардын клиникалык оорукангасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарын жасалма дем алдыруучу аппарат менен камсыздоого жардам бердиңиздер, үч жылдан бери “Көп тилдүү билим берүү” программасын ишке ашырууда көмөктөшүп келесиздер. Ал эми фостердик үй-бүлөлөргө жардам берүү борборун ачуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат, жакынкы аралыкта ал борборду чогу ишке беребиз. Ош шаарынын мэриясы келечек муун үчүн кам көрүү багытында түрдүү иш-чараларды жүргүзүп, ар тараптан колдоп келет. Учурда сиздер менен биргеликте беш долбоорду ишке ашырууну көздөп жатабыз”, - деди Айтмамат Кадырбаев.

Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо беш жылдык жаңы программа иштелип чыккандыгын белгилеп, Ош шаарынын мэриясы ишке ашырылган долбоорлордо чоң жардам берип жаткандыгын кошумчалады.

“2018-жылы беш жылдык жаңы долбоорлорду иштеп чыктык. Аларды ишке ашырууда сиздер жактан бизге чоң жардам керек. Негизгилери ымыркай менен эненин ден соолугуна кам көрүү багыты, зордук-зомбулукту алдын алуу, улуттар биримдигин дагы да бекемдөө, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга маалымат бурчтарын уюштуруу сыяктуу”- деди Юкиэ Мокуо айым.

Айта кетсек, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1-майдан тарта "Балага эшик ачкыла” аттуу маалымат компаниясы жүрүп баштайт. Анда өзгөчө балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүү, коомчулуктун аларга болгон мамилесин өзгөртүү ж.б багыттарын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий