• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош мэриясы таштандыны кайра иштетүү жаатында индиялык компания менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 12.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов индиялык "Арман Уэйст Менеджмент ЛТД" компаниясынын директору Анил Патвари менен жолугушуп, таштандыны кайра иштетүү боюнча маселени талкуулашты.

Мэриядан билдиришкендей, Анил Патвари индиялык технологиялык компаниялардын таза суу менен камсыздоо, саркынды сууларды тазалоо жана катуу таштандыларды кайра иштетүү боюнча долбоорлору менен тааныштырды.

Мэр Жетигенов башка ири шаарлардагыдай эле Ош шаарында да аталган тармактарда көйгөйлөр бар экендигин белгилеп, кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушууну жыйынтыгында Ош шаарынын мэриясы менен индиялык "Арман Уэйст Менеджмент ЛТД" компаниясынын ортосунда Ош шаарында "Таштандыны кайра иштетүү заводун" куруу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле долбоорду Индия мамлекетинин финансылык каржылоосу менен ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий