• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош: Нурахунов көчөсүндө чыккан өрттүн жалыны 3 турак үйдү каптады

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Кечээ, 19-ноябрда Ош облусунун Султан-Абад айылынын Нурахунов көчөсүндө №407 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттүн жалыны үч үйдү каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 19-ноябрь күнү саат 17:52де Ош облусунун Нурахунов көчөсүнүн №407 дарегинде жайгашкан эки турак үйдүн ортосундагы чатырынан өрт чыккан.

Жалын биринчи үйдүн бөлмөсүнүн 15 чарчы метрин, экинчи үйдүн 23 чарчы метр чатырын каптаган. Ошондой эле өрт Нурахунов көчөсүндө жайгашкан №409-Б үйүнө өтүп, натыйжада 240 чарчы метр чатыры күйгөн.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын ыкчам тобу, Кара-Суу райондук №25 өрт өчүрүү бригадасынан 2 бөлүм, Кара-Суу райондук №102 өрт өчүрүү бригадасынан 1 бөлүм тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 18:38де чектөөгө алынып, саат 19:52де толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий