• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда 117 айылда таза суу жок

Аймак 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Ош облусунда 493 айылдын ичинен 117де таза суу жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кабарлады.

Анын айтымында, элди таза суу менен камсыз кылуу иштери активдүү түрдө жүрүүдө. 2018-жылы 8 айыл ичүүчү суу менен камсыз болгон.

“Иштер Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги жана АРИС аркылуу жүрүп жатат. Кара-Кочкор айылында сыноо иретинде жүргүзүлүп жаткан долбоор тууралуу айта кетейин. Ал жакта 500 түтүн таза суу менен камсыз болду. Ал жерде 1 метр куб сууга 35 сом төлөнөт. Бирок, ал баа бул аймак үчүн кымбат эмес. Анткени, биз ал үйлөргө шарт түзүп, муздак жана ысык суу кошуп бердик. Ал айылда санарип технологиялары иштеп, эсептегичтеги маалыматтар GPS аркылуу борборго түшүп турат. Мындай системаны баардык облуска жайылтуу пландалууда”, - деди ал.

Жылкыбаев билдиргендей, Ош облусу 2023-жылга чейин толугу менен таза суу менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий