• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда 7 тоннадан ашуун жапайы өскөн кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Ош облусунда 7 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “МАК-2022” атайын операциянын жүрүшүндө бангизаттарды ири өлчөмдө даярдоо, ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу баңги топторун аныктоо максатында 8-14-августта Ош шаары жана Ош облусунун аймагында “Кара куурай” аталышындагы атайын ыкчам иликтөө иш-чараларынын 2-этабы башталды.

"ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Жапалак айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлеринин катышуусунда аймактагы кара куурай өскөн жерлер изилденип, жашоочуларга анын ден-соолукка зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү ишин жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жапалак айыл аймагындагы 13 айылда изилдөө иштери жүргүзүлүп, 7,5 га жердеги 6 тонна 450 кг жапайы өскөн кара куурай өрттөлдү.

Пикир

Оставить комментарий