• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда көмүр кенин рейдерлик басып алууну уюштурууга шектелип прокурор кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Ош облусундагы көмүр кенин рейдерлик басып алууну уюштурууга шектелип Ош облусунун прокуратурасынын “Ө.У.” аттуу улук прокурору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, 3-ноябрь күнү Ош шаарындагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда жергиликтүү “Ы.К.” аттуу тургун тарабынан Ош облусунун прокуратурасынын “Ө.У.” аттуу кызматкери тууралуу айтылган маалыматтарын иликтөө үчүн түзүлгөн мекемелер аралык ыкчам-тергөө тобунун ишинин алкагында Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Ош облусунун прокуратурасынын “Ө.У.” аттуу улук прокурору кармалган. Андан тышкары рейдерлик басып алууга тиешеси бар “Ө.Унун” 4 жакын адамы кармалган.

“Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, бир топ адам, анын ичинде “Мухамед Умар” спорт клубунун кызматкерлери 2020-жылдын январь айында “Жолчырак” ЖЧКсынын көмүр карьеринин аймагына келип, ишкананын кызматкерлерин карьерден чыгарып салышкан. Атайын техниканы басып алып, мыйзамсыз түрдө көмүр казуу жүргүзүп, аны 82 сомдон ашык каражатка саткан. Ошол эле учурда алар жергиликтүү бийлик органдарынын көмүрдү мыйзамсыз казууну жана сатууну токтотуу талаптарын жана эскертүүлөрүн уккан эмес”, - деп билдирет УКМК.

Пикир

Оставить комментарий