• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда Ош облусунда 2022-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, облустук, райондук мекеме-уюмдарынын башчылары, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев район акимдери жана айыл өкмөт башчыларына кайрылып, 2023-жылы ар бир район өнүктүрүү планын иштеп чыгуусун, азык-түлүк коопсуздугу камсыздоо, баасын саясатын көзөмөлдөө жана экспортко чыгарууга шарттарды түзүү, ирригация тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, бош жаткан айыл чарба жерлерин өздөштүрүү тапшырмасын берди.

Мындан сырткары, көмүскө экономиканы кыскартуу, электрондук счет фактура жана ККМ аппараттарын орнотту менен көмүскө салыкты ачыктоо жана Президенттин “Жер мунапысы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагындагы иштерди аягына чыгаруунуну кошушмчалады.

Ошондой эле коллегиялык отурумда Ош облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча 2022-жыл ичинде аткарылган иштер жана 2023-жылга карата иш-аракеттер пландар тууралуу маалыматтар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий