• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы Араван районунун тургундары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Кечээ, 20-февралда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Араван районун С. Юсупова жана Чек-Абад айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында жергиликтүү тургундар жер тилкеси, жол, тратуар, свет, электр тармагындагы көйгөйлөр, сугат суу, таза суу, бала бакча, билим берүү мекемеси жана социалдык объектилердин курулушу сыяктуу көйгөйлүү маселелерин айтышты.

Облус башчысы бул маселерин чечүүнү жыйынга катышкан райондук мекемелердин жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Аны менен бирге эки айылга тратуар, жол, бала бакча, мектеп, спорт аянтчасынын куруу боднча мекеме жетекчилерине милдеттемелер коюлду.

Буг чейин Зөкүл Кара-Суу шаарынын жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн уккан.

Пикир

Оставить комментарий