• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош - Раззаков унаа жолунун жээгинде 89 мыйзамсыз курулуш аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Ош - Раззаков унаа жолунун жээгинде мыйзамсыз курулуштар аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунда жайгашкан үч-Коргон айыл аймагы аркылуу өткөн Ош - Раззаков унаа жолунун коргоо аймагына чыгып, курулган 89 мыйзамсыз курулуш объект аныкталган.

Буга чейин Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан курулуш объекттердин ээлерине тиешелүү эскертүүлөр берилген.

"Бүгүнкү күндө 15 ке жакын мыйзамсыз курулуштар жарандардын өз эсебинен бузулуп, жер тилкелери кайрадан калыбына келүүдө. Буга окшогон иш аракеттер Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан райондун башка аймактарында дагы уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий