• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Өрттүн кесепетинен төрт үй толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.18. /Кабар/. Өрттүн натыйжасында Ош шаарында жайгашкан төрт үй толугу менен куйүп кеткен,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү бүгүн, 30-апрелде болжол менен саат 13:36 чамасында түшкөн.

Такталган маалымат боюнча Ош шаарындагы Фурманов көчөсүндөгү №65, 67, Пичугина көчөсүндөгү №20 жана Куйбышев көчөсүндөгү №2 турак үйлөр күйүп кеткен.

Өрт саат 14:50дө чектөөгө алынып, кечки саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн.

“Өрт чыккан жерге атайын өрт өчүрүүчүлөр, ИИм кызматкерлери, тез жардам кызматы тартылган”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий