• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараштагы 8 тилкеде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы 8 тилкеде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, куткаруучулар 9 күн ичинде урандылардын астында калган 5 адамды аман алып чыгып, 158 жарандын сөөгүн табышты.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий