• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүйдө төрөлгөн төрт эмге Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым коюлду

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Чүй облусттук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эмге салтанаттуу түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери майрамдык маанайда төрөт үйүнө барышып, ымыркайлардан кабар алып, алардын бактылуу ата-энесин ымыркайлардын төрөлүшү менен куттуктап, белектерин беришти.

"Андан соң “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алууга документтер толтурулган. Ымыркайларга Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, наристелер 10-февралда төрөлүшкөн. Учурда эненин жана балдардын абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий