• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы кыргызстандыктар кандай максатта эң көп насыя алышкан?

Экономика 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. 2022-жылдын 31-декабрына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 204 млрд сомду түзгөн.

КР Улуттук банкынан билдиришкендей, анын ичинде:

- өнөр жайына берилген насыя 13,7 млрд сомду түзгөн (1,1 пайызга азаюу менен);

- айыл чарбасына берилген насыя 37,1 млрд сомду түзгөн (11,7 пайызга өсүү менен);

- соода чөйрөсүнө насыя 56,2 млрд сомду түзгөн (9,6 пайызга өсүү менен);

- курулушка берилген насыя 12,9 млрд сомду түзгөн (4,5 пайызга азаюу менен);

- ипотекага берилген насыя 24,4 млрд сомду түзгөн (22,2 пайызга өсүү менен);

- керектөө үчүн берилген насыя 33,1 млрд сомду түзгөн (48,9 пайызга өсүү менен);

- жана башкалар боюнча берилген насыя 26,8 млрд сомду түзгөн (3,9 пайызга азаюу менен).

Пикир

Оставить комментарий