• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаардык казыяты 165 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 08.04.23. /Кабар/. Ош шаардык мусулмандарынын казыяты Рамазан айынын урматына “Али Аль Байт” мечитинде аз камсыз болгон 165 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчаларын таратты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасына Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков катышып, ыйык айда жарандарды кайрымдуу болууга чакырды.

«Рамазан айында кылынган сооп иштердин эсеби жүз эселеп жазылат. Кереметтүү Куранда, «Шүгүр кылгыла, шүгүр кылсаңар көбөйтүп беребиз» деп айтылат. Андыктан колдон келишинче жакшы иштерди аткарууга аракет кылалы» - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий