• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 165 миң салык төлөөчүнүн салык карызы бар

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 165 миң салык төлөөчүнүн салык карыздары бар. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов билдирди.

Ал Салык кызматына карыздын жалпы көлөмү 24 млрд сомду түзөрүн белгиледи.

Асылкулов көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 8 айында 3,8 миллиард сом салык жыйналганын, анын 1,3 миллиард сому мажбурланганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий