• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаардык кеңешке кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 13,8 миң адам добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 13 миң 859 адам келип добуш берди. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 9,7%ын түзөт. «Ош шаары боюнча жалпы 78 добуш берүү тилкеси ачылган. Добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 152 миң 718 адамды түзөт. Саат 10:00гө карата 13 миң 859 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 9,7%ын түзөт», - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий