• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаардык соту карантинге жабылды

Аймак 0

Бишкек, 15.07.20 /Кабар/. Ош шаардык соту 15-июлдан баштап карантинге жабылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жабуу боюнча корутунду келгендигине байланыштуу кабыл алынган.

"Мындан улам бүгүнтөн тартып Ош шаардык сотундагы бардык кызматкерлер үй карантинге чыгарылды. Ош шаардык сотундагы 2 судьядан пневмония, 7 кызматкерден коронавирус аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий