• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында 5 миңден ашуун бала мектеп босогосун аттады

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Ош шаарында жалпы 5 миң 350 бала мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бардык мектептерде карантиндик, санитардык талаптар сакталууда.

Айта кетсек, Ош шаарында жалпы 74 миңден ашуун окуучу бар. Алардын ичинен 69 миң окуучу мамлекеттик мектептерде, 5 миң 349 окуучу жеке менчик мектептерде билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий