• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында 6 айда өнөр жай багытында 71 ишкана ачылды

Экономика 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Ош шаарында 6 айда өнөр жай багытында 71 ишкана ачылды. Бул тууралуу Ош шаарында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегияда мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта 450 жаңы жумуш орду түзүлүп, 213 млн сом инвестиция тартылган.

"Ошондой эле 2023-жылдын январь-июнунда өнөр жай ишканалары тарабынан 4 млрд 85,5 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 463 млн сомго көп. Ошентип, өсүү темпи 112,8%ды түздү. Ош шаарынын мэриясы бюджетти көбөйтүү, жашырылган салыктарды алып чыгуу, контролдук-кассалык аппараттарды орнотуу боюнча салык кызматы, ички иштер органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте иш алып барууда", - деди Марс Исаев.

Пикир

Оставить комментарий