• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ыш маселеси. Бишкектиктерге газга туташуу үчүн жеткиликтүү насыялар сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына газ менен жылытууга өтүү үчүн төмөнкү пайыздык үстөк менен насыялар жана төлөөнүн ыңгайлуу графиги сунушталууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бишкектин тургундары жеткиликтүү насыянын шарттары менен райондук акимчиликтердеги жолугушууларда тааныштырылууда.

Биринчи май районунда Щербаков, Салам Алик, Алтын Бешик, Көлмө, Жеңиш, Балбан Таймаш, Аска-Таш, Маданият, Керемет, Касым конуштарынын тургундары менен жолугушуу өттү. Ал эми Ленин районунда "Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Өргө, Ала-Тоо конуштарынын жашоочулары менен жолугушуу уюштурулду.

Белгиленгендей, "Айыл банк" жана "РСК банк" банктары 150-200 миң сомго чейин, 2 жылга бөлүп төлөө менен, төмөн пайызда, күрөө, кепил жана баштапкы төлөмсүз насыя берүүгө даяр. Ошондой эле банктар насыяны төлөөнүн ыңгайлуу графигин тандоого эркиндик берет.

Пикир

Оставить комментарий