• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында акын жана композитор Рыспай Абдыкадыров эскерилди

Маданият 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-январда, Ош шаарында белгилүү акын жана композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чаралары өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар, жазуучулар, Ош облустук филармониясынын жамааты, журналисттер, окуу жайлардын өкүлдөрү жана жарандар катышты.

Иш-чаранын алкагында Абдыкадыровдун ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясынын жанындагы эстеликтин алдында митинг-реквием өтүп, гүл коюлду.

Мында чогулгандар Рыспай Абдыкадыровдун улуттук маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымын баса белгилешти. Мындан сырткары филармониянын өнөр адамдары маркумдун ырларын аткарышты.

Эске сала кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. 1994-жылы 12-сентябрда көз жумган. Маркум Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 200дөн ашык ырдын автору.

Пикир

Оставить комментарий