• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык фестиваль өтүүдө — видео

Маданият 0


Бишкек, 20.09.21. /Уланбек Турдуканов - Кабар/. Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында 16-21-сентябрь аралыгында салттуу көркөм кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык фестиваль өтүп жатат.

Иш-чара Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналат.

Салттуу көркөм кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык фестивалдын координатору, этнодизайнер Бурул Мамбетова пандемия учурунда онлайн түрүндө көптөгөн иш-чаралар өткөнүн айтат. “Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө диплом, сыйлыктар берилет деп убада кылганбыз, ошону аткарып жатабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, фестивалдын максаты жаштарды кол өнөрчүлүккө үйрөтүп, аларга жакшы тарбия берүү. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын шаар тургундарына жана меймандарына тааныштыруу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий