• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде, Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөлүк классиктердин, мекендештерибиздин китептеринин көргөзмөсү өтүп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа уюштурулду.

Ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова катышып, китептин жаш муундарды тарбиялоодо, маданий баалуулуктарды жандандырууда жана жарандардын руханий потенциалын өнүктүрүүдө, маданиятты жайылтууда маанисин белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 1995-жылы китептерге, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урмат көрсөтүү катары негизделген.

Пикир

Оставить комментарий