• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Кылмыштуу топ тарабынан жасалма долларды ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан жасалма АКШ долларын ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган Ж.М.Ж., 11,5 миң жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алып келинген жасалма АКШ долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Кармалган Ж.М.Ж., КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий