• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында биринчи жолу футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Аймак 0

Бишкек, 29.05.22. /Кабар/. 2-июндан 5-июнга чейин Ош шаарында “Мэр Кубогу-2022” футбол боюнча эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мелдеш биринчи жолу өткөрүлөт. Турнирдин бардык беттештери Ош шаарынын башкы спорттук аренасы – Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт.

Турнирге Кыргызстандын футболдук клубдары – Оштун “Алай”, Кочкор-Атанын “Нефтчи”, Өзбекстандын “Бунёдкор” Ташкент жана Андижандын “Анжиян” клубдары катышат.

Турнирдин жобосу боюнча жарым финалдык жуптар чүчү кулактан кийин аныкталат. Жарым финалдык беттештердин жеңүүчүлөрү баш байге үчүн ат салышса, жеңилгендер көңүл жубатуучу финалда беттешет.

Иш-чаранын программасында күйөрмандар үчүн оюн-зоок программасы да камтылган.

Мелдештин уюштуруучулары Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасы жана Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы жана «Алай» ПФКсы.

Бул мелдешти жыл сайын өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий