• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында дагы 3 балдар бакчасы курулууда

Аймак 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Ош шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча курулууда, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 28-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бала бакчалардын курулушу менен таанышып, курулуштарды сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Мэр Жапалак аймактык башкармалыгынын Арек айылындагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулуш иштери кечеңдеп жатканын билдирип, курулуштун бүтүшүн тездетүүнү айтты.

“Быйыл эки бала бакчаны пайдаланууга бердик. Мындан тышкары, 3 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Негизги максат балдарга көңүл буруу. Заманбап бала бакчаларды курууну улантабыз. Курулуш иштери өз нугунда жүрүп жатат. Жапалактын Арек айылындагы бала бакчанын курулушу гана кечигип жатат. Бул боюнча курулуш компаниянын өкүлдөрүнө эскерттик”, - деди мэр.

Арек айылына 120 орундуу, Ак-Тилек кичи районуна 100 орундуу, Туран аймактык башкармалыгына (Южный) 120 орундуу балдар бакчасы курулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий