• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө тоо текени мыйзамсыз аткан жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек 16.02.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө экологиялык милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундан атылган тоо текени табышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-февралда мыйзамсыз аӊчылыктын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери "Илбирс" коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү элдер бирдикте Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөндөрүндө рейддик иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө рейддин катышуучулары Сырт өрөөнүнүн "Ыштык" жайлоосунда 37 жаштагы Кызыл-Суу айылынын Т.Б. аттуу тургунунан атылган тоо теке табылып алынган. Текшерүү учурунда кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий