• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жергиликтүү кеңештин депутаты жерди мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүнүн (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Белгиленгендей, 479 а контурунда жеке турак жай куруу үчүн Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде 47 жер тилкеси бөлүнүп, идентификациялык код берилгени аныкталды. Анын ичинен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалы тарабынан 43 жерге жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар мыйзамсыз түрдө катталган.

Инвентаризациялык тизмеден алынган билдирүүгө ылайык, №479 а контурдагы жердин аталышы “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына кирүүчү “чөп сактоочу жай” катары көрсөтүлгөн.

2023-жылдын 14-февралында А.М.Х.нын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүнүн натыйжасында, жер тилкелерин берүү боюнча айыл өкмөтүнүн токтомдорунун, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө токтомдордун түп нускалары, жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар, ошондой эле иш үчүн маанилүү документтер табылган.

2023-жылдын 15-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы кылмышты жасоого айыпталып Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты, 1980-жылы туулган А.М.Х кармалып, Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралып, тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий