• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Кыргыз милициясынын 97 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерин сыйлоо аземине Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, бардык күч түзүмдөрүнүн, мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Сыйлык тапшыруу аземининде Жасур Азимов жалпы коомчулукту Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан куттуктап, коомдук турмуштун бардык тармактарын өнүктүрүүнүн негизги компоненттеринин бири катары тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кошкон салымын белгиледи. Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары ички иштер органдарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге, ошондой эле ички иштер органдарынын эмгек сиңирген ардагерлерине тапшырылды. Мындан тышкары, мэр Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына 150 миң сом бөлдү. Ошондой эле, ички иштер органдарынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине шаардык кеңеш тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги үлгүлүү кызматы жана күжүрмөн эмгеги үчүн бир катар милиция кызматкерлерин орден жана наамдар менен сыйлады. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кинология борборунун жана Ош шаардык ИИБнын атайын ыкчам тобунун кызматкерлеринин көрсөтмөлүү оюн-зооктору тартууланды.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда Ош шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлери борбордук аянтты бойлоп, автоунаалар параддык сапта жүрүштү.

Белгилей кетсек, 1924-жылдын 1-ноябры Кыргызстанда милициянын түзүлгөн күнү болуп эсептелет. Быйыл ички иштер органдарынын кызматкерлери түзүлгөн күндөн тартып 97 жылдык кесиптик майрамын белгилешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий