• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун өкүлчүлүгүн ачуу сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бакытбек Жетигенов Ош шаары көптөгөн өлкөлөрдүн шаарлары менен достук алакада экендигин белгилеп, эки тараптуу кызматташууга кызыктар экендигин билдирди. Ошондой эле боордош эл менен соода-экономикалык мамилелер Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду аркылуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Шандор Дороги учурда эки тараптуу мамилелер жигердүү өнүгүп жатканын, анын ичинде Венгрияга эт жана балык экспорту жана энергетика тармагында иштер натыйжалуу жүрүп жатканын билдирди.

Мындан сырткары, Кыргызстандын 2 миң жараны Венгрияда жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, элчилик Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнө визаларды берүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош жана Сегед шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү, студенттер менен мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Ош шаарында өкүлчүлүгүн ачуу, ишкерлер үчүн биргелешкен бизнес-форум уюштуруу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий