• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министри АӨБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы директору менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн учурдагы жана жаңы өлкө директорлору менен жолугушту.

Канокпан Лао-Арая АӨБда, атап айтканда, Борбор Азия чөлкөмүндөгү инфраструктура жана транспорттук долбоорлор чөйрөсүндө чоң тажрыйбасы бар өзүнүн мураскери Чжэн Ву менен тааныштырды.

Министр өз кезегинде Чжэн Вуну ушундай маанилүү кызматка дайындалышы менен куттуктап, өлкөнүн стратегиялык багыттарынын алкагында АӨБ менен тыгыз өнөктөштүккө жана кызматташуунун темпин жана көлөмүн арттырууга даяр экендигин билдирди.

АӨБ өкүлдөрү ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, чакан жана орто бизнести колдоо, аймактарды өнүктүрүү, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган АӨБнын Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктүн жаңы Стратегиясын бекитүү тууралуу маалымат беришти. Бул багыттар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан тикелей көзөмөлдөнгөндүктөн, Чжэн Ву белгилегендей, Кыргыз Республикасынын ЭКМ АӨБнын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен максаттарга жетүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий