• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында эл аралык ыктыярчылар күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда бүткүл дүйнө Экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн эл аралык ыктыярчылар күнүн белгилөөдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул датанын алкагында Ош шаарынын ыктыярчыларынын жыл бою жасаган эмгеги жана шаарга жардам көрсөтүүгө кошкон салымдары белгиленди.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Нурислам Каримов, Эл аралык республикалык институттун өкүлү Туйнун Мусаева, шаардык жаштар комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, жаштар, активисттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарындагы волонтердук кыймылга активдүү катышкан жаштардын өкүлдөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Соңунда активист жаштар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Бул күн 30 жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келет. 1985-жылы БУУ тарабынан сунушталган. Ош шаарында да ыктыярчылар активдүү иш жүргүзүп келет. Алсак, ушул жылы Баткен облусунун тургундарына жардам берүү иштерине Оштогу волонтерлор жигердүү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий