• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарындагы 3 үй өрттөнүп жатат — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Ош шаарынын Пахта көчөсүндө жайгашкан №11,13,15 турак үйлөрдөн өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү бүгүн болжол менен саат 12:23тө келип түшкөн. Өрт саат 14:57де чектөөгө алынган, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 бөлүм жана ыкчам-топ тартылган.

" Мындан сырткары жерине “103”, “104”, РЭТ кызматтары тартылган", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Азырынча өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы белгисиз.

Абал боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий