• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы ишембиликте 2200 куб таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик өтүп, ага менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана калаа тургундары катышты.

Мэриянын маалыматына ылайык, мекеме жамааттары өздөрүнө бекитилген аймактарды таштандыдан арылтып, арыктарды тазалоо, бордюрларды жана тосмолорду актоо, көчөт отургузуу, бак-дарактарды актап-сырдоо жумуштарын жүргүзүштү.

Муниципалдык аймактык башкармалыктар тургундар менен биргеликте өз аймактарын таштандылардан жана жалбырактардан тазалашты. Жалпысынан ишембиликтин катышуучулары шаардын аймагын, анын ичинде сейил бактардын жана скверлердин аймагын иретке келтиришти

“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тарабынан ишембиликтен кийин 2200 куб таштанды чыгарылды. Ош шаары боюнча ишембиликке 15 миңден ашык адам катышты.

Билим берүү мекемелеринде 900 түп декоративдүү жана мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрү, 10 миң түп гүл отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий