• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы көйгөйлөр жеринде чечилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.10.17./Кабар/. Кечээ, 19-октябрда Ош шаарынын мэринин кезектеги жолугушуусу Алымбек Датка аймактык кеңешинде болуп, бир топ маселелер ортого салынды. Жыйындын башында жыл ичинде жасалган алгылыктуу иштер туурасында тасма көрсөтүлүп, андан соң шаардыктардын кат аркылуу келген суроолоруна жооп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, келип түшкөн кайрылуулар жолдорду жарыктандыруу, оңдоп-түзөө, электр чубалгыларын жаңылоо жана башкалар болду. Ошондой эле, Фрунзе мектебинин мугалими акылдуу доска берүүсүн өтүндү. Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардагы баардык мектептерде акылдуу доскалар бар экендигин айтып, бирок мугалимдин кайрылуусун четке какбай камсыздап бере тургандыгын убадалады.

Ошондой эле, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы иш аракеттер Алымбек Датка аймактык кеңешиндеги көп кабаттуу үйлөрдө да ишке аша тургандыгын кошумчалап, шаардыктарды кубандырды.

Суроолордун көпчүлүгү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге ыраазычылык менен коштолду. Анткени аталган аймактагы жеке менчик үйлөрдө саркынды суу чыгаруучу түтүкчөлөр жок болгондуктан, бул багытта алгылыктуу иш жүргүзүлгөн.

Жыйындын соңунда баардык келип түшкөн каттар протоколдоштурулуп, кийинки жолугушууда аткарылгандыгы туурасында жооптор бериле тургандыгы маалым болду. Жолугушууга шаардагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери да келген, анткени маселелерди жеринде чечип, эл менен тыгыз иштөөгө жана шаар көйгөйүн батыраак чечүүгө өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий