• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 5 долбоор ишке ашырылууда

Аймак 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Ош шаарынын инфраструктцрасын жакшыртуу максатында 5 ири долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн биринчи вице-мэр Марс Исаев шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү максатында иш жүзүнө ашырылып жаткан Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун экинчи этабынын негизинде башталган иштер менен таанышты.

Курулуш иштери Нурматов көчөсүнөн баштап А. Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт. Долбоорду толук аяктоо мөөнөтү бир жыл.

Мындан сырткары, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча учурда жалпысынан беш долбоор каралган. Алар:

- Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);

- С. Ибраимов атындагы Улуттук Драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;

- А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу аймагын куруу;

- Т. Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

- Борбордук аянттагы фонтанды реконструкциялоо.

Аталган курулуштар КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) аркылуу тендерге берилген.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган аталган долбоорду ишке ашырууга гранттык негизде 6 млн доллар бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий