• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын күнүнө карата калаанын өнүгүүсүнө салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 03.10.17. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, шаарда эмгектенген ар түрдүү тармактардын өкүлдөрү катышты.

З.Аскаров мамлектибиздин анын ичинде Ош шаарынын социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан кызматкерлердин эмгектерин баса белгилеп, мындан ары да талыкпаган эмгек менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Ошондой эле, биринчи вице-мэр шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан катышуучуларды Ош шаарынын 3017 жылдыгы менен куттуктап атайын сыйлыктарды тапшырды.

Анын негизинде, Ош шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги, шаардын коомдук –саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн Ош шаарынын күнүнө карата Ардак грамоталар менен 30дан ашуун ар кандай тармакта эмгектенген кызматкерлер сыйланды.

Мындан сырткары, шаардагы коомдук-саясий абалды, маданий-массалык иш-чараларды, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдыруудагы эмгеги үчүн Ош шаарынын күнүнө карата 10дон ашуун массалык маалымат каражаттарынын жамаатарына Ош шаарынын мэриясынын Алкыш баракчалары тапшырылды.

Ошондой эле, Ош шаарынын күнүнө карата бир нече кызматкерлерге КРнын Өкмөтүнүн, КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамоталары, Өкмөт башчынын кол сааты, “КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” жана “ КРнын муниципалдык кызматтын мыктысы” төш белгилери тапшырылды.

Белгилей кетсек, жыл сайын 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет.

Быйыл Ош шаары өзүнүн 3017 жылдыгын майрамдайт.

Пикир

Оставить комментарий