• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Сууда мыйзамсыз курал-жарактарга рейд жүрүп, алты протокол түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө “Арсенал” атайын операциясы жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Анын алкагында Ак-Суу райондук милиция кызматкелери тарабынан аймакта жарандарда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок даарыларды аныктоо жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен ар кандай кылмыштардын алдын алуу максатында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теплоключенка айыл өкмөтүндө каттоодо турган ок атуучу куралдардын сакталышы текшерилип, мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыяры менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ак-Суу райондун аймагында атайын уруксат менен 369 адамда ок атуучу куралдар бар. Алардын ээллеринин колунда жалпы 487 ок атуучу курал сакталып, профилактикалык каттоодо турат. 2022-жылдын эки айында Укук бузуулар кодексинин 133-беренеси менен алты протокол толтурулуп, эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий