• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош мэриясы эл аралык уюмдар жана бизнес-ассоциациялар менен тыгыз кызматташат

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов эл аралык уюмдардын жана фонддордун, каржы институттарынын, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери, өкүлдөрү менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жыйындын алкагында Ош шаарын 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү программасынын долбоорунун презентациясы болуп, аны ишке ашыруунун алкагында биргелешкен иш-аракеттер талкууланды.

Эл аралык уюмдардын жана фонддордун, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери келечектүү багыттардагы иштери, анын ичинде консультациялык жана гранттык жардам көрсөтүү, билим берүү, экология, туризм, айыл чарба, калкты иш менен камсыз кылуу, тарыхый, маданий жана эс алуу объектилеринин инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорлору, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн гранттар жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, электр энергияны үнөмдөөчү долбоорлор жана жашыл технологияларды өнүктүрүү, жаштардын бизнес-идеяларын колдоо жаатындагы иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

Жыйындын катышуучулары шаарда индустриалдык парк (эркин өнөр жай аймагы) түзүү сунушун киргизип, бул демилге Бакытбек Жетигенов тарабынан колдоого алынды.

“Ош шаарынын мэриясы калктын кызыкчылыгы үчүн тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр. Сиздер тараптан айтылган сунуштарга жана демилгелерге биздин эшигибиз ар дайым ачык. Сүйүктүү Ош шаарыбызды чогуу өнүктүрөлү”, - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий