• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын тургундарын жеке маселелер боюнча кабыл алуу болуп, анда биринчи вице-мэр Марс Исаев жана башка тийиштүү кызматтардын жетекчилери жеринен жооп беришти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жеке кабыл алуу учурунда жарандардан жеке көп кабаттуу үйлөрдү биргелешип каржылоо программасын ишке ашыруу, материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелерине байланыштуу талаштарды чечүүгө, айрым долбоорлорго уруксаат алуу боюнча маселелер айтылды.

Белгиленгендей, ар бир суроо боюнча протокол жазылды. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий