• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэрин тандоо 18-июлга белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэрин тандоо 18-июлга белгиленди. Тиешелүү токтомду Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган.

Мэрди Ош шаардык кеңешинин депутаттары тандашат.

Аймактык шайлоо комиссиясына өлкө мыйзамына ылайык шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырылган.

Эске сала кетсек, 3-июлда өкмөт башчы кол койгон буйрукка ылайык, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган.

Ошол эле күнү ал КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий