• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 5 чакан ГЭС курулууда, дагы 10 ГЭСтин долбоору даяр

Аймак 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Баткен облусунда 5 чакан ГЭС курулууда, дагы 10 ГЭСтин долбоору даяр. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө ГЭСтин курулушу бир эле электр энергиясы эмес, сугат суу маселесин чечүүдө да зор мааниге ээ болуп жаткандыгы айтылат.

Облус аймагынан агып өткөн дарыяларда курулуп жаткан 5 чакан ГЭСтин тизмеси:

  1. Баткен районунун аймагында Кыштут чакан ГЭСи курулууда. 10 МВт кубаттуулуктагы объект үчүн 7 млн сом АКШ доллары керектелери белгиленген. ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда 1-каскадтын100% жумушу аткарылды.
  2. Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кожо-Кайыр каналынын нугунда 300 КВт кубаттуулугунда, сметалык баасы 300 миң АКШ долларын түзгөн долбоордун курулуш иштери аяктап, биринчи агрегаттын генараторун орноштуруу иштери жүрүүдө.
  3. Майдан айыл аймагынын Пата-Таш участкасында 4 МВттык “Исфайрам-1” долбоору 2,81 млн АКШ долларына курулууда. Курулуш иштери 90% аяктап калды.
  4. Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты дарыясына 0,54 МВТ кубаттуулугундагы “Белес” чакан ГЭСинин курулушу аяктады. 5 км аралыкта чубалгылары курулуп райондук электр тармактар ишканасынын Белес фидерине кошулду. План боюнча 2023-жылдын июнь айында электр энергия өндүрүү пландалган.
  5. Өзгөрүш айылында Козу-Баглан дарыясынын капталында 5,9 МВт кубаттуулуктагы "Лейлек" ГЭСи, 5,6 млн АКШ долларына курулууда.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, мындан сырткары, 10 чакан ГЭСти куруу боюнча ички инвесторлордон билдирмелер түшүп, долбоорлоо даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий