• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мурдагы прокурору “Кыргызалтынды" жетектемей болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. "Кыргызалтын" ААКтын жаңы төрагасы шайланды.

Компаниядан билдиргендей, "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Калдарбеков Элдияр Султанович өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти.

2023-жылдын 19-январында Абдраимов Кубат Бейшенбекович КР мыйзамдарынын бардык жол-жоболоруна ылайык, министрлер кабинетинин башчысынын макулдугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Абдраимов 2018-жылдын октябрь айынан тартып 2021-жылдын 5-февралына чейин Ош шаардык прокурору кызматын аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий